Укук тартиби

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
02/12 15:01
 

Сузак районунун №2 орто мектебинде террордук кол салууга каршы аскердик ыкчам иш чара өткөрүлдү (фоторепортаж)

Сузак районунун №2 орто мектебинде террордук кол салууга каршы аскердик ыкчам иш чара өткөрүлдү (фоторепортаж)

Жалал-Абад, 2-декабрь /Анархан Жаңыбаева-Кабар/. Бүгүн, 2-декабрь күнү Сузак районунун борборунда жайгашкан №2 орто мектебинде КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы, ОИИБгы, ӨКМдин облусттук башкармалыгы жана КР Улуттук Гвардиясынын 704-аскердик бөлүгү менен биргеликте мектеп окуу жайларына террордук кол салууга каршы аскердик ыкчам иш чара өткөрүлдү.

Ага КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгамбердиева жана облустагы күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты. Алгач сөз алган өкүл Ж.Эгамбердиева төмөндөгүлөргө токтолду:

- Дүйнө жүзүнүн үшүн алган аял-эркекти, баланы, ымыркайды ылгабаган терроризм деген апаат жайылып жатат. Өзүңүздөргө маалым болгондой, анын негизги өзөгүн диний экстремизм жана эл аралык террордук уюмдар түзүп, күндөн-күнгө активдешип жатышы дүйнө жүзүнүн тынчсызданган актуалдуу проблемасына айланды. Терроризм жакыр өлкөлөрдү гана эмес, дүйнөдөгү бай мамлекеттерди да тополоңго салууда.

КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Канжарбек Бокаевдин берген маалыматына караганда, аталган иш чаранын максаты – террордук коркунуч пайда болгон учурда облусттук күч кызматтарынын ыкчам даярдыгын текшерүү, биргеликте иш алып баруу жана кыймыл-аракеттерди координациялоо, ыкчам штаб тарабынан террористтерди жок кылуу үчүн туура чечим кабыл болуп саналат.

Иш чарада аталган мектептеги 20га жакын окуучуларды жана мугалимин күч колдонуу менен террорчулар барымтага алып коюшту. Барымтага алынган жарандарды бошотуу үчүн террорчулар менен тынч сүйлөшүү натыйжа бербеди. Андан кийин, аларды кармоо боюнча Улуттук Гвардиянын Жалал-Абад шаарындагы 4-атайын “Шер” батальону чечкиндүү чабуулга ок атуу менен жардам көрсөтүлүп, барымтадагылар бошотулду. Ыкчам-тергөө тобунун иш-аракеттери болуп, барымтага алынган жарандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү менен аяктады.

Жыйынтыгында террордук кол салууга каршы аскердик ыкчам иш чарага катышкан күч түзүмдөрүнүн алдыңкы кызматкерлерине, жоокерлерге сыйлыктар жана баалуу белектер тапшырылды.

1 из 4

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу