Укук тартиби

Июнь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
02/12 14:47
 

Казакстандын жараны ок-дарыларды Кыргызстанга алып кирүүгө аракет кылды

Бишкек, 2-декабрь /Кабар/. Казакстандын жараны аңчылык кылуучу ок-дарыларды Кыргызстанга алып кирүүгө аракеттенген. Бул тууралуу КРнын мамлекеттик чек ара кызматынын (МЧК) коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

Белгиленгендей, кечээ мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участкасындагы “Чоң-Калка-унаа жолу” текшерип-өткөрүү пунктунда Казакстандын жараны кармалды, ал аңчылык кылуучу ок-дарыларды алып өтүүгө аракет кылган.

Казакстандык жаран ок-дарыларды Казакстандан Кыргызстанга алып өтмөкчү болгон.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана алынган ок-дарылар КРнын мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу