Укук тартиби

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
02/12 11:12
 

ЖАМКда 39 коррупциялык тобокелдиктер аныкталды

Бишкек, 2-декабрь /Кабар/. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында аталган кызматта коррупцияга каршы аракеттер боюнча Ички коопсуздук башкармалыгынын жана коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо боюнча жумушчу топтун иштеринин жыйынтыгы угулду. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Белгиленгендей, 39 коррупциялык тобокелдиктер аныкталды жана анын 25ин жоюу боюнча сунуштардын долбоору иштелип чыкты. Атап айтканда, каржы-экономикалык, материалдык-тылдык камсыздоо жана мамлекеттик сатып алуулар сыяктуу багыттардын ишмердигин камтыган ЖАМКнын каржы-чарба башкармалыгынын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык тобокелдиктерди аныктаган жумушчу топтун иштеринин алгылыктуу жыйынтыгы белгиленди. Иштелип чыккан сунуштардын жыйынтыгында ЖАМКнын жетекчилиги тарабынан Каржы-чарба башкармалыгын кайра уюштуруу жана анын базасында үч бөлүм: Каржы-экономикалык башкармалык; Материалдык-тылдык камсыздоонун башкы башкармалыгы жана Мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүн түзүү тууралуу чечим кабыл алынды. Ички коопсуздук башкармалыгына ЖАМКнын кызматкерлеринин арасында тобокелдиктердин тобу боюнча иштерди активдештирүү, эсепке коюу жана алуу процедурасын, таасир этүү чаралары боюнча сунуштарды иштеп чыгуу тапшырылды.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу