Укук тартиби

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
01/12 18:04
 

МЧК кызматкерлери курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган Казакстандын жаранын кармашты

Бишкек, 1-декабрь /Кабар/. Кыргыз чек арачылары курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз алып өткөндүгү үчүн Казакстандын жаранын кармашты. Бул тууралуу КРнын мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

Белгиленгендей, 2015-жылы 30-ноябрда “Акжол-унаа жолу” текшерип-өткөрүү пунктунда чек арачылар курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган Казакстандын жаранын кармашкан.

Казакстандын жаранына тиешелүү «Toyota Land Cruiser Prado» унаасын текшерүүдө чек арачылар «Perfekta mod FBI» маркасындагы газ тапанчасын жана 4 даана ок-дарыларды табышкан.

Кармалган жаран Казакстандан Кыргызстанга өтүүгө аракет кылган.

Тиешелүү документтер түзүлгөндөн кийин кармалган жаран жана курал-жарак, ок-дарылар Чүй облусунун Аламедин райондук Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу