Укук тартиби

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
01/12 17:51
 

Сот департаментинин башчысы пара менен колго түштү

1-декабрь. Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгынын башчысы пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 30- ноябрда жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгынын башчысы 100 миң сом пара алып жаткан жерден кармалган. Ал кимдир бирөөнү сот тармагына кызматка алуу үчүн пара талап кылган.

Бул факт боюнча "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Пара талап кылуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Булак: «Кабарлар»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу