Укук тартиби

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
01/12 17:42
 

Жогорку сот Нариман Түлеевди 11 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүмдү күчүндө калтырды

1-декабрь. Жогорку соттогу коллегия коррупциялык иштер боюнча айыпталган депутат, Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин ишин карады. Натыйжада 11 жылга эркинен ажыратуу боюнча Бишкек шаардык сотунун өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу 1-декабрда Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы коррупциялык иштер боюнча айыпталып жаткан депутат, Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев 11 жылга эркинен ажыратылган. Мындай чечимди Бишкектин Ленин райондук соту чыгарып, өкүмдү судья Аман Сариев окуп берген.

Экс-мэрдин үй-мүлкү конфискацияланып, өзү күчөтүлгөн тартипте жаза мөөнөтүн өтөмөй болгон. Ошондой эле Түлеев 3 жыл мамлекеттик кызматтарда иштөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган. Нариман Түлеев "2008-жылы мэр болуп турганда Кытайдан автобустарды алып келүү иштеринде мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген” деп айыпталып, 2012-жылдын октябрь айында камакка алынган. Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу үчүн Нариман Түлеев шаардык сотко кайрылган, бирок 2014-жылы 23-декабрда шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырып, өзгөртүү киргизген эмес.

Булак: «Супер Инфо»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу