Укук тартиби

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
01/12 16:56
 

Жайыл районунун мурдагы сотуна карата кылмыш иши козголду

Бишкек, 1-декабрь /Кабар/. КРнын башкы прокуратурасы КРнын ички иштер министрлигинин уюшулган кылмыштуу топко каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен бирдиктүү текшерүүнүн жыйынтыгында билип туруп укукка туура келбеген чечим чыгаруу фактысы боюнча Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун мурдагы судьясы “Н.Б.” га карата кылмыш иши козголду.

Жайыл райондук сотунун судьясы “Н.Б.” билип туруп укукка туура келбеген чечим чыгарып, анын жыйынтыгында Жайыл районунун аймагында жайгашкан 1,5га айыл чарба жери жеке менчикке мыйзамсыз берилгени, андан кийин башка адамга менчиктешкени белгилүү болду. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу