Укук тартиби

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
30/11 18:59
 

Күндеми: Кыргызстанда экстремисттик аракеттер көбөйүүдө

Күндеми: Кыргызстанда экстремисттик аракеттер көбөйүүдө

Бүгүнкү күндөгү башкы окуялардын бири – белгилүү дин аалымы Кадыр Маликовго кол салгандардын кармалышы болду. КР ИИМинин билдиргенине караганда ага кол салганга шектүү Кыргызстандын эки жараны Интерполдун жардамы менен Түркиянын Газиантеп шаарынан кармалды. Аталган шаар Сириядан 40 чакырым гана алыс экендигин эске алсак, алар бул аймак аркылуу Сирияга өтүп кетүүнү көздөгөнүнөн кабар берет. Жарандар 28 жаштагы Нарын шаарынын тургуну Тилек уулу Алибек менен 29 жаштагы Ош облусунун Ноокат районунун тургуну Ырыскул Бейшеналиев экендиги такталды. Эки күн мурда эл аралык издөө жарыяланган бул адамдар К. Маликовго кол салган күнү эле Казакстанга, андан соң Түркияга учуп кетишиптир. Милиция аларга жардам кылган эки жаранды да кармап алар жашаган жерден ок-дары, бычак жана экстремисттик мазмундагы адабияттарды тапкан. ИИМ К. Маликовго кол салгандардын өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атап алышкан террордук уюмдун мүчөлөрүнө тиешеси бар , же жок экендиги теологиялык экспертизадан кийин белгилүү болорун билдиришти.

Белгилей кетсек, ИИМ алгач бул окуя боюнча “бейбаштык” беренеси боюнча иш козгогон эле. Ага К. Маликовдун жакындары жана өзү нааразы болуп, бул кол салуу анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу экендигин айтышкан. К. Маликов видеокайрылуу жасап “радикалдык көз караштагы адамдар мени өлтүрүүгө аракет кылышты. ИГИЛдин тобундагы адамдар мени жана казакстандык теологду өлтүрүүгө аракеттенип жүрүшкөнүнөн кабардар элем. Жайында алар үйүмдүн алдынан, мен барып жүргөн мечиттен мени өлтүрүү үчүн аңдышкан. Ушундан улам ИГИЛ тууралуу кеп кылбай токтотуп койгом. Мына эми мага кол салышып, өлтүрүп коё жаздашты. Такфир идеологиясына жана “Ислам мамлекетине” каршы чыккандардын баарынын өмүрү коркунучта экенин кечээги окуя көрсөттү”-деген эле.

Учурда Бишкектин 8-кичирайонундагы участкалык милиционерди өлтүрүүгө жогорудагы жарандардын катыштыгы болушу мүмкүндүгү да айтылып, текшерилүүдө. 27 жаштагы милициянын кенже лейтенанты Актилек Абдувалиевди 19-ноябрда кечки саат сегиздерде документ текшерүүгө аракет кылган учурда белгисиз эки адам атып кетишкен. Шектүү адамдардын фотороботун түзүп, кылмышкерлер тууралуу маалымат бергендерге милиция бир миллион сом сыйлык жарыялаган.

Канткен күндө да бул окуя ИГИЛ Кыргызстанга да коркунуч туудуруп жаткандыгынан кабар берет. Дегеле, кийинки учурда Кыргызстанда экстремисттик аракеттердин саны өсүп баратканын эксперттер айтышууда. Республикабыз боюнча 2015-жылдын тогуз айында экстремизмге байланыштуу 279 факт катталган. Өткөн жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 20,7 пайызга көп. Бүгүнкү күнгө чейин экстремисттик уюмдардын 1844 тарапкери ИИМдин каттоосуна киргизилген. Кыргызстанда 17 экстремисттик уюм бар экендиги, алардын ишмердигине күч органдары тарабынан тыюу салынгандыгы белгилүү.

2005-жылы экстремисттик идеяларды жайылткан аялдардын саны 1%ды гана түзсө, акыркы он жылда Кыргызстанда экстремисттик иштерге тартылган аялдардын саны 25 пайызга өскөн. Иракка жана Сирияга “жихадга” кеткендердин 8%ын да аялдар түзүүдө. Ал эми Кыргызстандын 500дөн ашуун жараны Сириядагы согушка катышып жүргөнү айтылууда.

Ошол эле К. Маликов, Кыргызстан Россиянын "Ислам мамлекетине" каршы Сириядагы чабуулдарын ачык колдоп жаткандыктан, ИГИЛ Кыргызстанда да теракт уюштурушу мүмкүндүгүн, анткени Кыргызстанда Россиянын аба базасы бар экендигин, аскердик жактан өлкөбүз коргоого муктаждыгын айткан. Кантсе да кыргыз бийлиги өлкөдө коопсуздук чараларын күчөтүшү керек. Ырас, терроризм менен кайсы гана мамлекет болбосун, өз бет алдынча күрөшө албайт. Ошондуктан Кыргызстан бул багытта Шанхай кызматташтык уюмунун жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун өлкөлөрү менен биргелешип эл аралык экстремисттик, террористтик коркунучтарга каршы турушу керек.

Дайырбек Мейманов “Кабар”

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу