Укук тартиби

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
30/11 17:15
 

Бакыт Сеитов: “К.Маликовго кол салгандар Сирияга бараткандыгы такталган маалымат”

Бакыт Сеитов: “К.Маликовго кол салгандар Сирияга бараткандыгы такталган маалымат”

Бишкек, 30-ноябрь /Минара Ибраева-Кабар/. К.Маликовго кол салган кылмышкерлер Сирияга бараткандыгы такталган маалымат. Бул боюнча азыр теологиялык экспертизалар жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов билдирди.

“Теолог К.Маликовго кол салган кылмышкерлер кылмыш кылгандан кийин кыска мөөнөттүн ичинде Кыргызстандан чыгып кетип Алма-Ата шаарына барышкан. Андан соң беш саатта Түркияга учуп келишкен. Алар билеттерди интернет ресурстары аркылуу алдын ала заказ берип даярдап алгандыгы аныкталды”,-деди Б.Сеитов.

“Бул кылмышкерлер башка кишиге кол салган жок. Алар биринчиден диний экстремизм, терроризм боюнча Кыргызстандагы чоң адистердин бирине кол салды. Экинчиден, алардын тааныштарынын үйлөрүн тинтүүгө алганда бизде тыюу салынган диний экстремисттик уюмдардын курал жарак, китептери табылган. Ал эми, үчүнчүдөн булардын Сирияга бартакандыгы такталган маалымат”,-деди ал.

Б.Сеитовдун айтымында, бул маалыматтардын бардыгы оперативдүү маалыматтарга таянуу менен айтылып жатат. Ал эми, жакында экспертизанын жыйынтыгы чыгып, кармалгандар Кыргызстанга алынып келинет. Ага Түркия тарап колдоо көрсөтмөкчү. Алар алынып келгенден кийин дагы тергөө иштери жүрүп, андан соң акыркы маалыматтар берилет.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу