Укук тартиби

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
30/11 16:35
 

Сталбек Рахманов: “Буга чейин К.Маликовдон коркутуу фактысы менен расмий арыз түшкөн эмес”

Сталбек Рахманов: “Буга чейин  К.Маликовдон коркутуу фактысы менен расмий  арыз түшкөн эмес”

Бишкек, 30-ноябрь /Минара Ибраева-Кабар/. “Теолог К.Маликовго кол салгандар “Ислам мамлекети” уюмунун мүчөлөрү экени аныкталгандан кийин козголгон кылмыш иши "бейбаштык" беренесинен "адамды өлтүрүүгө аракет жасоо" беренесине өзгөртүлгөн. Мындан улам эмне себептен адамдын өмүрүнө кол салуу боюнча иш козголгон жок деген суроолор берилип жатты. Биз окуя болгон күнү тергөө жүргүзүп "бейбаштык" менен иш козгогонбуз. 27-ноябрда 12:00ге чейин К.Маликовдон ден соолугуна байланыштуу арыз ала алган жокпуз. Эртеси күнү өзү менен сүйлөшүп, анын негизинде беренени өзгөрттүк",- деди ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов.

Ал эми, ИИМ 10-башкы башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Сталбек Рахманов расмий түрдө арыз түшпөгөндүгүн айтты. “Буга чейин бизге К.Маликовдон же дагы башка ишмерлерден коркутуп үркүтүү болуп жатат деген түрдө арыз түшкөн эмес. Эгерде ушул сыяктуу материалдар түшсө, биз өз кезегинде чара көрүп, иш алып бармакпыз. Бирок, биз муну менен жумушубузду токтотпойбуз оперативдүү маалыматтар менен иштөө улантыла берет”,-дейт.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу