Укук тартиби

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
30/11 15:36
 

КРнын ИИМ 10-башкармалыгынын начальниги: “К. Маликовго кол салган ИМдин тарапкерлери Түркияда кармалды”

КРнын ИИМ 10-башкармалыгынын начальниги: “К. Маликовго кол салган ИМдин тарапкерлери Түркияда кармалды”

Бишкек, 30-ноябрь /Эмилбек Момунов-Кабар/. Кыргызстандагы белгилүү теолог, “Дин, укук жана саясат” коомунун директору Кадыр Маликовго кол салууга шектелген “Ислам мамлекети” диний-террордук уюмунун мүчөлөрү Кыргызстан менен Түркиянын ички иштер министрликтеринин ыкчам-иликтөө иш аракетинин натыйжасында Түркиянын Сирия менен чектешкен Газиантеп шаарында кармалды. Ошондой эле учурда бул кылмышты жасады деп шектелген Тилек уулу Алибек менен Ырыскул Бейшеналиевдин кылмыш жасоосуна катыштыгы бар адамдарды аныктоо, алардын чөйрөсүн аныктоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында ИИМ 10-башкы башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Сталбек Рахманов билдирди.

“Учурда К. Маликовго кол салууга шектелгендердин бири Ы. Бейшеналиев жашаган Бишкектин “Асанбай” кичи районундагы №28 үй текшерилип, ал квартира Жалал-Абад облусунун 1969-жылы туулган Б. К. аттуу жаранына тиешелүү экендиги аныкталды. Анын айтуусунда, квартира 2015-жылы августта 1987-жылы туулган Ж. В. Деген жаранга үй-бүлөсү менен жашоого ижарага тапшырылган экен. Квартираны текшерүүдө белгисиз куралдын 18 огу, 15 чет элдик оператордун сим картасы, уюлдук телефондор. Ал эми экинчи шектүү ата-энеси менен жашаган борбордун Алтын-Ордо конушунда арап тилиндеги кагаздар, тапанчанын 8 огу, автомашинанын 2 ачкычы жана башка буюмдар табылды”,- деди ал.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу