Укук тартиби

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
30/11 14:08
 

Маликовго кол салгандар Түркияда кармалды

Маликовго кол салгандар Түркияда кармалды

30-ноябрь. Дин таануучу Кадыр Маликовго кол салган кылмышкерлер Түркиянын Газиантеп шаарынан кармалды. Бул тууралуу ИИМден ѳздүк булактар билдирди.


Анын айтымында Түркияда бул ишке тиешеси бар делип 2 жаран кармалган. Бүгүн саат 15.00те бул тууралуу ИИМ толук маалымат берет.


Буга чейин УКМК ИИМ менен бирге иликтѳѳ иштеринин натыйжасында дин таануучу, теолог Кадыр Маликовго кол салган кылмышкерлер «Ислам мамлекети» террористик уюмунун ѳкүлдѳрү экени аныкталганын билдирген.


Маликивго кол салгандар Нарын облусунун 1987-жылы туулган тургуну Алибек Тилек уулу жана Ош облусунун Ноокат районунун 1986-жылы туулган тургуну Ырыскул Бейшеналиевдер экенин аныкталган эле.


Кылмышкерлер окуя болгон түнү Казакстанга барып, андан ары Түркияга учуп кетишкен.


Эске салсак дин таануучу Кадыр Маликовго 26-ноябрда кол салуу болуп, эки жаран бычактап кеткен. Окуя кечки саат 19:00 до Асанбай кичи районундагы №52 үйдүн жанындагы "Народный" дүкөнүнүн жанында болгон. Жаракат алган Маликов шаардык 4-ооруканага жеткирилип, реанимация бөлүмүнө жаткырылган. Ошол эле кезде Маликовго Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия борборунда операция жасалып учурда анын абалы жакшы экендигин ак халатчандар билдиришет.

Булак: Марал

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу