Укук тартиби

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
28/11 15:02
 

Базар-Коргондо үйлөнүү тойдо келиндин курбу кызын зордуктаган күйөө жолдошту сот 2 айга камакка алды

Жалал-Абад, 28-ноябрь /Анархан Жаңыбаева-Кабар/. Кечээ, 27-ноябрда Базар-Коргон райондук соту тарабынан үйлөнүү тойго келиндин курбу кызы болуп чыккан кызды зордуктаган күйөө жолдош, 21 жаштагы шектүү жаран 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, 25-ноябрь күнү саат 23:10 чамасында Базар-Коргон районундагы ресторандардын биринде үйлөнүү той болуп жаткан учурда, андагы кыздын курбусун (1994-ж.т.) үйлөнүп жаткан жигиттин (мас абалдагы) айылдаш досу кызды “үйүңө жеткизип коем” деп алдап алып чыгып, ээн талаага алып барып коркутуп зордуктап койгон.

Натыйжада кыз денесине жараат алып, Базар-Коргон аймактык оорукананын гинекология бөлүмүнө түшкөн. Жогорудагы окуя боюнча кылмыш изин суутпай Базар-Коргон РИИБнүн Кылмыш иликтөөчүлөрү тарабынан, кылмышка шектүү катары Базар-Коргон айылынын тургуну 1994-ж.т. жараны кармалган.

“Кармалган шектүү жаранга карата, КР Кылмыш жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди. Азыркы күндө тергөө иштери жүрүүдө”, - деп билдирет басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу