Укук тартиби

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
27/11 16:05
 

Социалдык фондунун 2 кызматкери пара берип жатканда кармалды

Бишкек, 27-ноябрь /Эмилбек Момунов-Кабар/. МУККнын Коррупцияга каршы кызматы жүргүзгөн тергөө-ыкчам иш-чараларанынын жыйынтыгында Социалдык фондунун 2 кызматкери “И.Б.” жана “К.А.” МУКК КККнын кызматкерине пара берип жатканда кармалды. Бул тууралуу аталган көзөмөл органы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык Свердлов району боюнча Башкармалыгынын көрсөтүлгөн кызматкерлери, Социалдык фондуна милдеттүү камсыздандыруу төгүмү катарында чет өлкөлүк ишкерлер тарабынан төлөнгөн 2 млн сомду ыйгарып алынган фактысы боюнча кийинки текшерүүлөрдү токтотуш үчүн Коррупцияга каршы кызматынын кызматкерине 5 миң АКШ доллар өлчөмүндө пара сунуштаган.

25-ноябрда жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларанынын жыйынтыгында “И.Б.” жана “К.А.” 4 миң АКШ доллар өлчөмүндө пара берип жатканда кармалышты.

Бул факты боюнча МУККнын Тергөө башкармалыгы КР Кылмыш-жаза кодексинин 314 (“Пара берүү”) беренесине ылайык кылмыш ишин козгоду.

Кармалган “И.Б.” жана “К.А.” МУККнын убактылуу кармоо жайына камакка алынышты. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу