Укук тартиби

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
27/11 12:52
 

ИИМ: “К. Маликовго кол салгандар изделүүдө”

Бишкек, 27-ноябрь /Дайырбек Мейманов-Кабар/. 26-ноябрда кечки саат 19дан 14 мүнөт өткөндө милициянын Октябрь райондук башкармалыгына маалымат түшкөн. Анда Асанбай кичи районундагы 52-үйдүн алдындадагы “Народный дүкөнүнүн жанында белгисиз эки жаш жигит Кадыр Маликовдун денесине залал келтирип, бычак менен бетине уруп жибергендиги билдирилген. Бул тууралуу бүгүн 27-ноябрда “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов билдирди.

Анын айтымында, ал жерде болгон 25 жарандан такталып, суралып, алдын ала тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, К. Маликов кечки саат 5терде ошол жерге автомашинасын токтотуп үйүнө кирип кеткен. Саат 18. 45те үйүнөн чыгып машинасын айдап кетейин дегенде артында БМБ 123 маркасындагы машина турган. Ичиндеги жүргүнчүлөрдөн “машинаңарды алып койгула, мен чыгып кетейин” деп сураганда алар “айдоочу азыр келет” дешкен. Бир топко чейин машина алынбай, К. Маликов менен айдоочунун ортосунда кайым айтышуу болуп, мушташып кетишкен.

“Маликовдун жанында газ травматикалык пистолети, экинчи тарапта электрошок болгон. Бирок бул куралдар колдонулган эмес. Мушташуу учурунда берки жигит Маликовдун бетине бир канча жолу бычак менен уруп жиберип, машинасын айдап качып кеткен. Ал ооруканага жеткирилген. Түнү боюу издеп, машинаны Бишкектин четиндеги “Алтын Ордо” жаңы конушундагы биз издеген жигиттин агасынын короосунан таптык. Күнөөлүүгө шектелген эки жигиттин аты-жөнүн тактадык. 1986-жылы төрөлгөн Бишкек шаарынын тургундары. Бирөөсү Асанбай кичи ройонунда 28-үйдө жашайт экен. Алардын аялы, бир туугандары, ата-энелери менен да сүйлөштүк. Алар азыр жашырынып жүрүшөт, издеп жатабыз”-деди ал.

“К. Маликов бизге бул окуя боюнча арызын жаза элек. Бирок ошого карабастан бейбаштык боюнча кылмыш иши козголуп тергөө жүрүүдө. ЖМКлар “аллах акбар” деп бычак менен сайган” деп жазып жиберишти. Биздеги маалыматтар боюнча “аллах акбар” деп К. Маликов өзү айтыптыр. Ал аны келме келтиргем, кыргызча айтканда “Кудай мени сактай көр” дегем” деп түшүндүрдү. Окуянын К. Маликовдун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар же жок экендигин айтуу азырынча эртелик кылат. Ошентсе да алдын ала тергөө көрсөткөндөй бул окуянын анын ишмердүүлүгүнө тиешеси жоктугу байкалууда”-деп кошумчалады”-Б. Сейитов.
 

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу