Укук тартиби

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
27/11 11:51
 

Чүй облусунда “Хизб ут-Тахрир” ДЧУнун мүчөсү кармалды

Бишкек, 27-ноябрь /Кабар/. Чүй облусунда “Хизб ут-Тахрир” диний-чагымчыл уюмдун мүчөлөрүнүн бири кармалды. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын маалыматы боюнча, террорчулукка жана чагымчылдыкка каршы аракеттерге багытталган ыкчам-изилдөө иш-чарасын жүргүзүүдө, кечээ 2015-жылы 26-ноябрда Чүй облустук ИИББнын10-башкармалыгынын кызматкерлери райондук ички иштер органынын кызматкерлери менен бирдикте Чүй районунун Дөң-Арык айылында “Хизб ут-Тахрир” ДЧУнун мүчөлөрүнүн биринин үйүнө тинтүү жүргүзүштү.

“Анын жүрүшүндө чагымчыл мүнөздөгү ДВД дисктер табылды. Алынган далилдер теологиялык экспертиза жүргүзүүгө жөнөтүлдү”,-деди ИИББ.Аталган факты боюнча 1971-жылы туулган “Б.Р.” аттуу жаран кармалды.Тергөө иштери жүрүүдө.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу