Укук тартиби

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
26/11 10:00
 

Араван районунуда көптөн бери мал уурдап жүргөн топтун бирөөсү кармалды

Бишкек, 26-ноябрь /Жеңишбек Ашырбаев-Кабар/. Ош обустук ички иштер башкармалыгынын жана Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмышкерлерди издөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш чаралардын натыйжасында Араван районунун аймагында жарандардын короосуна киришип мал уурдап жүргөн кылмыштуу топтун бети ачылды. Бул тууралуу ИИМнин Ош шаары жана Ош облусу боюнча ББнын басма сөз кызматы билдирди.
Кылмышка шектүү катары Өзбек Республикасынын жараны Анжиян облусунун Мархамат районунун тургуну 1990-жылы туулган С.Сардор кармалды. Ал өзүнүн шериктери Өзбек Республикасынын жарандары Мурадыл,Дилмурат, Акыл жана Исраил аттуу балдар менен биргеликте Араван районунун жашоочуларынын короолорундагы малды уурдап Өзбек Республикасынын аймагына айдап өтүп жүрүшкөндүктөрүн мойнуна алды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат жана калган кылмышка шектүүлөрдү жоопко тартуу боюнча кошуна мамлекеттин укук коргоо органдары менен биргеликте иш жүрүүдө.
Жалпысынан Арвавн районунун тургундарына 1 млн 130 миң сомдук чыгым келтиришкен. Аталган фактылар боюнча кылмыш иши козголуп тергөө иштери улантылууда.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу