Укук тартиби

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
25/11 17:57
 

Ош облустар аралык тери-венерологиялык борборунун врачы пара алгандыгы үчүн кармалды

Бишкек, 25-ноябрь /Кабар/. Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын 5-бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери Ош облустар аралык тери-венерологиялык борборунун врачын паракордук үчүн кармады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын маалыматы боюнча, Ош шаарынын тургуну милицияга кайрылып, түштүк борбордо дарылоо мекемесиндеги паракордук фактысы тууралуу билдирген. Медициналык борбордун кызматкери стационардык шартта текшерип, дарылоо үчүн бейтаптан 7 миң сом пара талап кылганы аныкталды.
Аталган факты боюнча жыйналган материалдардын негизинде Ош шаардык ИИБдин тергөө бөлүмү КРнын Жазык кодексинин 225-беренесинде каралган кылмыш белгиси боюнча (Кызматкердин мыйзамсыз сыйлык алуусу) кылмыш ишин козгоду.

23-ноябрда ыкчам-изилдөө иш-чарасынын жүрүшүндө Ош шаардык ИИБдин 5-бөлүмүнүн кызматкерлери 5500 сом пара алуу учурунда жогоруда аталган врачты кармашкан. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу