25.11.2015, 14:48

Нарымбаев менен Коркмазовду тергегендер текшерилет

25-ноябрь. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады. Мурдарак 24.kg маалымат агенттиги президенттин мурдагы аппарат башчысы Данияр Нарымбаев менен ЖКнын мурдагы депутаты Хажимурат Коркмазовдун иши боюнча тергөөчүлөр Мирбек Расулов жана Манас Кыдыралиев бизнес менен кызматтык ишин аралаштырып алганын жазган. Башкы прокуратура бул маалыматты иликтеп чыгарын билдирди. Эгер келтирилген маалыматтар ырасталса, бул кызматкерлерге мыйзам негизинде чара көрүлөрү маалымдалды.

Коррупция жана пара алуу боюнча айыпталып жаткан Нарымбаев менен Коркмазовдун кылмыш иши Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралууда. Коркмазов Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин мүлкү боюнча соттун чечимин жеңилдетүү максатында анын кызынан 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен июль айында кармалып, ал пара Данияр Нарымбаевге арналганын билдирген. Бүгүн бул иш боюнча сот өкүмун чыгарат деп күтүлүүдө. (КE)
Булак: “Азаттык”