Укук тартиби

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
25/11 12:42
 

Ысык-Көл облусунун жашоочусу 9кгдан ашык баңги затты мыйзамсыз сактап жүргөнү үчүн кармалды

Бишкек, 25-ноябрь /Кабар/. Ысык-Көл облусунун тургуну 9 кг дан ашык баңги затты мыйзамсыз сактап жүргөнү үчүн кармалды. Бул тууралуу облустун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын айтымында, Түп районунун ИИОнун баңги затты мыйзамсыз айландырууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн (БМАКК) жана КРнын ички иштер министрлигинин баңги затты мыйзамсыз айландыруу менен күрөшүү боюнча башкы (БМАКББ) башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-изилдөө иш-чарасынын жүрүшүндө марихуанды мыйзамсыз сактап жүргөнү үчүн Чоң-Тогузбай айылынын жашоочусу кармалды.

Кызматкерлердин маалыматы боюнча, азыркы учурда облустун аймагында кылмыштуулук менен күрөшүүнүн бардык багыттары боюнча ыкчам-изилдөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. “Бул иш-чаралардын жүрүшүндө аларга Эрлан аттуу баланын өз үйүндө көп өлчөмдө баңги затты мыйзамсыз сактап жүргөнү тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган маалымат боюнча баңги затты сактап жүрүүчүнүн өздүгүн тактоо боюнча тиешелүү иш-аракеттер жүргүзүлдү. Ал Түп районунун Чоң-Тогузбай айылынын 35 жаштагы тургуну А.Эрлан болуп чыккан”,-деди С.Усубакунов.

Анын үйүн тинтүүдө баңги зат анын короосунан табылган. Маң заттын салмагы 9 кг 9 грамм экени анык болду.
Аталган факты боюнча кылмыш иши коүзголду. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камалды. Тергөө иштери жүрүп жатат.

 

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу