Укук тартиби

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
24/11 12:41
 

Бишкек шаардык ИИББ: “Милиционерди аткан эки кылмышкерди издөө уланууда”

Бишкек, 24-ноябрь /Аман Алымбеков-Кабар/. Борбор шаардын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын участкалык милиционери кенже лейтанант Актилек Абдувалиевди атууга шектүү эки кылмышкерди издөө активдүү уланып жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Анын маалыматы боюнча, азыркы учурда милиция кызматкерин атууга шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам-изилдөө иш-чарасы жүрүп жатат. Издөө жана кылмышкерлерди кармоого Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын жана КРнын ички иштер министрлигинин жеке курамы аракетке келтирилген.
Бишкек шаардык ИИББ 20-ноябрда КР ИИМде коркунучтуу кылмышкерлер тууралуу так маалымат бергендерге 1 млн. сом көлөмүндө сыйлык берүү чечими кабыл алынган.
Ушуга байланыштуу КР ИИМ шаардын тургундарынан жана коноктордон кандайдыр бир маалымат билгендерди 0701 97 00 00, 0554 10 23 31, 0772 15 05 51, 0312 54 41 54 номерлерине чалып коюну суранат.
Эскерте кетсек, 2015-жылы 19-ноябрда Бишкекте кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча кызматын аткарууда Бишкек шаардык Октябрь райондук ИИБдин инспектору, милициянын кенже лейтананты 26 жаштагы А.Абдувалиев каза болгон. Ал документин текшерүү учурунда 2 кылмышкер тарабынан атылган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу