Укук тартиби

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
24/11 11:03
 

Башкы прокуратура мурунку депутатка жана чиновниктерге карата кылмыш ишин тергөөнү аяктап сотко жөнөттү

Башкы прокуратура мурунку депутатка жана чиновниктерге карата кылмыш ишин тергөөнү  аяктап сотко жөнөттү

Бишкек, 24-ноябрь /Кабар/. Республиканын башкы прокуратурасы тарабынан 2008-жылы Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн жер тилкелерин “Айыл чарбага багытталган жерлер” категориясынан “Калктуу пункттар жери” категориясына мыйзамсыз которуу фактысы боюнча кылмыш ишин иликтөө жыйынтыкталды. Бул тууралуу анын басма сөз кызматы билдирди.
Иликтөөнүн жыйынтыгында Карганбек Самаковго КРнын Жазык кодексинин 30-беренесинин 4-303 бөлүмү (Коррупция уюштуруу), Ж.Бакиев жана К.Бакиевге 30-беренесинин 6-303-бөлүмү (Коррупцияга жардам кылуучулук), Карганбек Самаковдун баласы – Кубанычбек Самаковго, ошондой эле алардын 4 тууганына 30-берененин 4-303 (Коррупцияны бирге аткаруучулук) бөлүмүндө каралган кылмыш белгиси боюнча айып тагылды.
Мындан тышкары, Өкмөттүн “КРнын Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында жайгашкан жерди которуу тууралуу” мыйзамсыз токтом киргизүүдө мурдагы премьер-министр И.Чудиновго, мурдагы 1-вице-премьер-министр И.Айдаралиевге жана мурдагы айыл чарба министри А.Ногоевге Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айып тагылды.
Кылмыш иши Бишкектеги Октябрь райондук сотуна жөнөтүлдү.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу