20.11.2015, 18:14

Кара-Көлдөгү жаш кыздын өлүмү боюнча кылмыш иши тергелип, соттун кароосуна жиберилди

Жалал-Абад, 20-ноябрь /Анархан Жаңыбаева-Кабар/.Кара-Көл шаарындагы 6-класста окуган окуучу кыздын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши Кара-Көл шаардык сотунун кароосуна жиберилди.
Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын 25-сентябрда Кара-Көл шаарынын “Энергетик” паркынан Кара-Көл шаарынын тургуну 2004-жылы туулган 6-класстын окуучусу Т.Анын киши колдуу болуп өлтүрүлгөн жансыз денеси табылган.

Ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында, кылмышка шектүү катарында, мурда 11 жолу ар түрдүү кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон, Токтогул районунун 35 жаштагы тургуну кармалган.