Укук тартиби

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
20/11 12:10
 

Р. Мамбеталиев:»2015-жылы республика боюнча аныкталган баңги кылмыштарынын саны 1530га жетти”

Бишкек, 20-ноябрь /Минара Ибраева-Кабар/. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында КРнын Өкмөтүнө караштуу маңзатты көзөмөлдөө агенттигинин директору Рафик Мамбеталиев билдирди.
“2015-жылдын 10 айында Мамлекеттик кызмат 278 баңги кылмышын аныктады. Бул сан өлкөбүздөгү катталган баңги кылмыштарынын 18,16 пайызын түзөт. Жалпы республика боюнча 2015-жылы аныкталган баңги кылмыштарынын саны 1530 жетти”,-деп айтты Р.Мамбеталиев.
«Айта кетсек, быйыл 2014-жылдын 10 айына салыштырмалуу 698 килограмм 115 граммга көбүрөөк баңги заты кармалды. Былтыр биздин кызмат тарабынан 4 тонна 266 килограмм 397 грамм баңги заты алынган. Ал эми, баңги заттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы 10 айдын ичинде мыйзамсыз жүгүртүүдөн 4 тонна 964 килограмм 512 грамм баңги затынын ар кандай түрүн алды. Бул көрсөткүч өлкө боюнча укук коргоо органдары кармап алган 28 тонна 226 килограмм 816 грамм баңги затынын 17,59 пайызын түзөт”,-деп кошумчалады ал.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу