Укук тартиби

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
20/11 11:40
 

Унаа жана коммуникация министрилигинде кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган факты табылды

Бишкек, 20-ноябрь /Эмилбек Момунов-Кабар/. МУККнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын Чүй облусу боюнча бөлүмү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө Унаа жана коммуникация министрилигине караштуу Авто жана суу унаа мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактысы табылды. Бул тууралуу аталган көзөмөл органы билдирди.
Көз карандысыз аудитордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 2013-2014 жылдары Агенттиктин жооптуу кызматкерлери бухгалтериянын кызматкерлерине негизсиз эмгек акыларын кошуп эсептеп, ал акчаны карточкалык эсебине которушкан. Натыйжада мекеменин негизги адиси “К.А.А.”га эмгек түрүндө 334,6 миң сомдун ордуна мыйзамсыз түрдө 1 млн 792 миң сом которушкан. Мындан сырткары, мурдагы бөлүмдүн башчысына “М.С.Б.”га белгиленген эмгек акыдан ашыкча 64,4 миң сом төлөнүп берилген.
Натыйжада мамлекетке жалпысынан 1 млн 856,5 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген.
Бул факты боюнча КЖКнын 171 жана 304-беренелерине ылайык кылмыш иши козголду.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу