Укук тартиби

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
20/11 10:36
 

Өкмөт башчы милицияны аткандарды тез арада кармоону жана №1 тергөө абагында өз жанын кыйган И.Телтаевдун өлүмү боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүүнү тапшырды

Бишкек, 20-ноябрь /Кабар/. Бүгүн, 20-ноябрда, Премьер-министри Темир Сариев Ички иштер министри Мелис Турганбаевге Бишкек шаарында милициянын аймактык тескөөчүсүн атып кеткендерди тез арада аныктап, кармоону жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Алиек Мамыркуловго Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагында өз жанын кыйган №50 тергөө абагынын мурдагы начальниги, Иманкул Телтаевдун өлүмү боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүүнү тапшырды.
Мындай тапшырманы Премьер-министр Темир Сариев Ички иштер министри Мелис Турганбаев жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Алик Мамыркулов катышуусундагы чукул жыйында берди.
Ички иштер министри Мелис Турганбаевдин маалыматы боюнча, Бишкектин 8 кичи районундагы милициянын аймактык тескөөчүсүн өлүмү боюнча тергөө иштери жүрүп, кылмышкы шектүүлөрдү кармоо аракеттери көрүлүп жатканын билдирди. Бул иш Ички иштер министринин жеке көзөмөлүнө алынды.
Премьер-министр Темир Сариев Ички иштер министрини аймактык тескөөчүсүн кылмыштын бетин тез арада ачуу жана өлкөдөгү курал-жарактар боюнча текшерүү жүргүзүү тапшырмасын берди.
Премьер-министр Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Алик Мамыркуловго №1 тергөө абагында каза болгон №50 тергөө абагынын мурдагы начальниги, Иманкул Телтаевдун өлүмү боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүүнү жана өлүмгө түрткөн себепти аныктоону тапшырды.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу