Укук тартиби

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
18/11 11:34
 

Бишкекте мыйзамсыз курал сактап жүргөн УКТнын мүчөсү кармалды

Бишкек, 18-ноябрь /Кабар/. Бишкекте куралды мыйзамсыз сактап жүргөн уюшулган кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылы ноябрдын орто ченинде КРнын уюшулган кылмыштуу топко каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери куралды мыйзамсыз сактап жана алып жүрүүгө шектүүлөрдү кармоону уюштурушкан.
“Ыкчам-изилдөө иш-чарасын жүргүзүүдө “Дордой” базар комплексинин аймагында ыкчам кызматкерлер Камчы Көлбаевдин УКТнын активдүү мүчөсү 1984-жылы Нарында туулган Т.М.ны кармашкан. Ал мындан мурда түрдүү кылмыштары үчүн бир нече ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Аны текшерүүдө травматикалык тапанча жана ок-дарылар табылган”,-деп билдирди ведомстводон.
Аталган факт Бишкек шаардык Свердлов райондук Ички иштер башкармалыгынын кылмыш эсебине катталды.
Кармалган жаран куралды мыйзамсыз алып жүргөнү үчүн убактылуу кармоочу жайга камалды. Свердлов райондук ИИБнын тергөө бөлүмү КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгоду.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу