18.11.2015, 09:56

Баткенде аскер бөлүгүнөн качкан ефрейтор кармалды

Бишкек, 18-ноябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Маалыматтык камсыздоо башкармалыгы 2015-жылдын 14-ноябрында 30630 аскер бөлүгүнүн контракттык кызматтагы ефрейтору Б.Ж., бөлүктүн аймагынан өзүм билип чыгып кеткен. Ал Баткен шаарынын ички иштер органынын кызматчылары тарабынан кармалып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси боюнча кылмышка шектүү катары жазаланмакчы.
Бул окуя боюнча 01525 аскер бөлүгүнүн жетекчилиги тарабынан кызматтык териштирүү иштери башталды, анын жыйынтыктары тууралуу кошумча билдирилет.