Укук тартиби

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
17/11 19:01
 

КР Коргоо Кеңеши: “Терроризмге каршы өлкөбүздө бардык тармактарда көзөмөл күчөтүлдү”

КР Коргоо Кеңеши: “Терроризмге каршы өлкөбүздө бардык тармактарда көзөмөл күчөтүлдү”

 Бишкек, 17-ноябрь /Минара Ибраева-Кабар/. Бүгүнкү күндө террордук жана экстремисттик көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча бардык чаралар көрүлүп жатат. Бул тууралуу Кабар агенттигине КР Коргоо Кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров билдирди.
«Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери терроризмге каршы күрөшкө даяр деп айтсам жаңылышпайм. Азыр укук коргоо органдары, Коргоо Кеңешинин тийиштүү чечимин аткарууга багытталган тапшырма боюнча да иштеп жатышат. Бардык стратегиялык обьектилер, эл көп жүрүүчү жайлар ж.б. маанилүү обьектилер толугу менен көзөмөлгө алынды.
Катчылык тараптан терроризмге каршы кандай иштер аткарылыш керек деген башкы тапшырма коюлган. Ошондой эле чек ара маселеси жана негизги деп эсептелинген обьектилердин коопсуздугу боюнча тапшырмалар коюлган. Азыркы тапта өлкөбүздөгү бардык тармактарда көзөмөл күчөтүлдү. ИИМ министрлиги дагы өз кызматын күчөтүп, мамлекеттик чек ара кызматындагылар күчөтүлгөн режимде иш алып барууда. Бардык багытта түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат,-деди ал.

Кабар-Пресс маалымат агенттиги

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу