Укук тартиби

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
17/11 16:59
 

МУКК: Коргоо министрилигинде жана “Аскер Курулуш” МB кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган жаңы фактылары табылды

17-ноябрь. МУККнын Коррупцияга каршы кызматы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен биргеликте Коргоо министрилигинде (кийин - Министрилик) жана “Аскер Курулуш” Мамлекеттик ишканада (кийин – “Аскер Курулуш” МИ) кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган жаңы фактыларын табып чыгышты.
2013-жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин буйругу менен №61 аскердик шаарчанын имаратын Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн турмуш-тиричиликтик тейлөө комбинатынын багытын өзгөртүү боюнча чечим кабыл алынган. Ушул себептен, Министрилик менен “Аскер Курулуш” МИ ортосунда 18 млн. 750 миң сом суммага курулуш тартибин жана долбоордук документтерди иштеп чыгууга келишим түзүлгөн. 2013-жылдын ноябрында тараптардын арасында 9 млн. 685,2 миң сом суммага кошумча иштери менен көрсөтүлгөн келишимге карата кошумча келишим түзүлгөн.
Бирок аныкталган боюнча, көрсөтүлгөн келишимдер Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып-алуу” Мыйзамынын талаптарын бузуу менен түзүлүп, тендер жүргүзүлгөн эмес. Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектуралык, курулуштук жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик Агенттигинен, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрилигинен, “Аскер Курулуш” МИ жана “ЭРЭС Проект-Строй-Сервис” ЖЧКадан тартылган адистердин комиссиялык текшерүүлөрдө аныктаганы боюнча, объектинин багытын өзгөртүү жана курулуш иштери Кыргыз Республикасынын “Шаар курулуш архитектура” Мыйзамын бузуу менен жүргүзүлгөн, мамлекеттик экспертизаны милдеттүү түрдө өткөн эмес. Долбоор макулдашылган жана бекитилип, уруксат алынбастан, ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик комиссиясынан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы тарабынан көзөмөл жүргүзүлгөн эмес. Ошондой эле аткарылган жумуштардын көлөмү 7 млн. 477,9 миң сом суммага жогорулутулган.
Бул факты боюнча МУКК Коррупцияга каршы кызматынын материалдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы КР Кылмыш-жаза кодексинин 304 (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 315 (“Кызматтык жасалмачылык”), 221 (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы”) 189 (“Ачык соода-сатыктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу”) беренелерине ылайык кылмыш ишин козгоду. Азыркы маалда тергөө иштери жүрүп жатат.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Коргоо министрилиги 2015-жылдын ноябрында Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетке өзгөрүлгөн.
Булак: «Кабарлар»
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу