17.11.2015, 16:28

ИИМ: Өткөн жумада 17 кг жакын баңги зат табылды

Бишкек, 17-ноябрь /Кабар/. Өткөн жумада 9-ноябрдан 16-ноябрга чейин 17 кг жакын баңги зат алынды. Бул тууралуу КРнын ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
ИИМдин баңги затты мыйзамсыз айландырууга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча Ички иштер органдарынын бөлүмдөрү тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн убакыт аралыгында баңги затты мыйзамсыз айландырууга байланыштуу 26 кылмыштын бети ачылды.
Баары болуп 16 кг 823 грамм баңги зат табылган, анын ичинен 2 кг 449 грамм – гашиш, 14 кг 332 грамм – марихуана, 2 грамм – кара куурай (каннабис) жана 40 грамм – спайс.