Укук тартиби

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
16/11 15:17
 

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы пара менен кармалды

Бишкек, 16-ноябрь /Кабар/. МУККнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш чарасынын натыйжасында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы И.Г. И.А. аттуу жарандан Нариман айылында курулган маданият үйү менен балдардын ойноо аянтчасын пайдаланууга берүүдө инвестициялык келишимди каттоого алгандыгы үчүн 1500 доллар пара талап кылып, 13-ноябрда 500 долларды алып жаткан учурда кармалды. Ошондой эле ал акчанын бир бөлүгү болгон 50 мин сомду мурда алгандыгы да белгилүү болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине МУККнын маалымат кызматы билдирди.

Бул факты боюнча КРнын КЖКнын 304 жана 313-беренелерине ылайык кылмыш иши козголуп, айыл өкмөтүнүн башчысы 1 айга убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Белгилеп кетүүчү жагдай, пара алууга шектелип кармалган Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы И.Г. мындан тышкары мыйзамсыз жер участогун бергендиги үчүн 5 кылмыш иши боюнча айыпталууда. Ал кылмыштар сотто каралууда. Бирок И. Г. Мурда эки ирет камалган менен экинчи инстанциядагы сот эркинен ажыратпаган жаза чарасын кабыл алган өкүм чыгарган.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу