Укук тартиби

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
02/10 18:20
 

МУКК: Бишкекке жакын жерде кармалган террордук уюмдун мүчөсү теракт уюштурууну пландаган

Бишкек, 2-октябрь /Кабар/. Теракт уюштурууну пландаган эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу КРнын мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

Белгиленгендей, контртеррордук иш-чара жүргүзүүнүн жүрүшүндө Чүй облусунда КРнын 1972-жылы туулган К.Л. аттуу жараны кармалды.
Кармалган жаран эл аралык террордук уюмдардын биринин мүчөсү экени жана колго жасалган жардыргычтарды колдонуу менен КРнын аймагында бир катар террордук актыларды уюштурууну пландаганы аныкталды.

К.Л.ны кармоонун жүрүшүндө андан колго жасалган тапанча, ок-дарылар, РГД-5 гранатасы, колго жасалган жардыруучу куралдар, бычак, кастеттер, чагымчыл мүнөздөгү адабияттар табылып, алынган.

Болжолдуу ыкчам-иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө кармалган жаран өзүнүн жашыруун террордук уюмга тийиштүүлүгү тууралуу көрсөтмө берип, террордук акцияларды ишке ашыруу боюнча пландары тууралуу айтып берген.

Кармалган жаран козголгон кылмыш ишинин алкагында камакка алынды.

Белгилей кетүүчү жагдай, К.Л.ны кармоодо МУККнын кызматкерлери тарабынан ок атуучу курал колдонулган жок.

Азыркы учурда МУКК органы жашыруун террорчулукка тийиштүүлүгү бар башка мүчөлөрдү аныктоого багытталган контртеррордук иш-чараларды улантууда.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу