Укук тартиби

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
21/07 17:57
 

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун жаңы шайланган судьялары ант беришти

Бишкек, 21-июль /Кабар/. 21-июлда, Жогорку сотто судьялардын ант берүү расмий аземи болуп өттү. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун жаӊы шайланган 12 судьясы Жогорку сотунун судьяларынын катышуусунда ант беришти.Бул тууралуу ЖСнын басма сөз кызматы билдирди.

Судьялар Боромбаев Абдуразак Эсентаевич, Жаныбек кызы Венера, Жолдошалиев Мидин Турдумаматович, Исаева Кундус Кедейкановна, Каипов Эмилбек Осконбаевич, Калыбаев Алмаз Жээнкулович, Сатарова Айнура Мелисовна, Сыдыков Марат Райымбекович, Субанкулов Адылбек Анарбекович, Термечиков Мирлан Арстанбекович, Уметова Айгуль Таштанбековна, Эрнис уулу Айбек кызматтык милдеттерин аткарууга киришти.

Мамлекет башчысы көрсөтүлгөн талапкерлер менен 2015-жылдын 15-июлунда аңгемелешүү өткөргөн. Алар боюнча атайын ар түрдүү мамлекеттик органдардан алынган маалыматтар жана пикирлер менен таанышып чыгып, ошондой эле маектешүүнүн жыйынтыгын эске алуу менен, Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешине 2 талапкер боюнча материалды кайтарып берип, 12 талапкер боюнча Кеңештин сунушун колдогон.

Конкурстук тандоонун жыйынтыктарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын 18-июлунда «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.

Жаңы шайланган Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьялары биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө дайындалышты.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу