Укук тартиби

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
21/07 17:38
 

“Кыргыз почтасынын” кызматкерлери жөлөк пулду менчиктеп алганы аныкталды

Бишкек, 21-июль /Кабар/. “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын №5 почтолук бөлүмүнүн кызматкерлеринин жөлөк пулду менчиктеп алган фактысы аныкталды. Бул тууралуу КРнын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, Талас шаардык прокуратурасы тарабынан “Кыргыз почтасы” МИнин №5 бөлүмүнүн кызматкерлерине карата КРнын Жазык кодексинин 315 (кызматтык кыянаттык) жана 171 (башкага тиешелүү мүлктү өздөштүрүү) жана 304 (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) беренелеринде каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду.
Жогорудагы почто бөлүмүнүн кызматкерлери жөлөк пул алгандыгы тууралуу жалган кол коюу жана ага жалган билдирүүлөрдү киргизүү жолу менен жарандарга 19 миң 744 сом көлөмүндө акча каражатын төлөбөгөндүгү аныкталды.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу