Укук тартиби

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
21/07 14:54
 

МУКК: “Кылмышкерлер түрмөдө террордук жолго түшүшөт”

Бишкек, 21-июль /Эмилбек Момунов-Кабар/. Уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү жана башка абактарда жазасын өтөп жаткандар эл аралык террордук топтордун азгырыгына кабылып, террордук идеяга сугарылышы мүмкүн. Алар алгач дин жолуна түшүп, намаз окуп жана башка парздарды аткара башташат. Андан соң ислам халифатын куруу, динсиздерге каршы күрөшүү жана башка террордук иштерди аткаруу милдети жүктөлөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КРнын МУКК коомчулук жана ММК менен байланыш кызматы билдирди.

  “Эл аралык террордук уюмдар уюшкан кылмыштуу топтор менен абакта жазасын өтөп жаткан башка кылмышкерлерди оңой эле азгырып алат. Анткени кылмышкерлерге акча, террордук уюмдарга курал керек. Ал эми азыр УКТларда курал көп. Ошондуктан биринин муктаждыгын экинчиси канааттандыргандыктан, булар оңой эле биригип кетишет. Алгач абактарда кылмышкерлер дин жолуна түшүп, намаз окуп, мусулманчылыктын парздарын аткара башташат. Диний радикалдык жолго түшүп, фанатка айланган соң динсиздерге каршы күрөшүү, ислам халифаты мамлекетин куруу сыяктуу идеологиялар таңууланып, аны аткаруунун жолу террорчулук экендиги айтыла баштайт. Тилекке каршы Кыргызстандын абак жайларында да андай аракеттер жок эмес. Мындай террорчулук 16-июлда Бишкек шаарында МУКК тарабынан жүргүзүлгөн атайын операция учурунда ооздукталып, 4 согушкер жок кылынды жана дагы жетөөсү кармалды. Азыр алардын үстүнөн тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Калган террорчулардын ким экендиги, дагы кимдер менен байланышта болгондугу такталууда”,- деп билдирди МУКК маалымат кызматы.   Ал эми “Ислам изилдөө илимий институтунун” директору Маметбек Мырзабаевдин билдирүүсүндө, УКТнын мүчөлөрү өздөрүнүн ар кандай мыйзамсыз, кылмыштуу иштерин аткаруу үчүн динди колдонуп келишет. “Уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү өздөрүнүн талап-тоноочулук, бирөөнүн байлыгы менен мүлкүн тартып алуу сыяктуу мыйзамсыз иштерин динге таянып жасашууда. Мисалы, рэкетчиликти арабдардын “ганимет” деген сөзүнөн которуп алышкан. Булар толук мусулман эместердин акчасын тартып алууну же салык салууну туура деп эсептешет. Ошондуктан көпчүлүк УКТлардын мүчөлөрү намаз окуп, ар кандай диний кайрымдууулк иштерин жасашат. Өз кезегинде айрым дин кызматкерлери же молдолор да өздөрүн коргоо же кадыр-баркын көтөрүү үчүн кылмыштуу топтордун мүчөлүрүнө таянган учурлар жок эмес. Ал эми эл аралык террордук уюмдар үчүн УКТлар даяр “жоокер”. Кайсы бир терс максаттарын ишке ашыруу үчүн убакытты кетирип, бирөөнү даярдап отурбастан, спортчу, келбеттүү, курал атканды билген жаштарды колдонуу бир топ ыңгайлуу. Өз кезегинде УКТлар менен башка кылмышкерлер да мыйзамдуу мамлекетти таанышпагандыктан, диний террордук уюмдарды колдошот”,- деди М. Мырзабаев.   Айрым маалымат каражаттары 16-июлда Бишкектин Горький-Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде атайын операция учурунда жок кылынган жана кармалган согушкерлер “Ислам мамлекети” деп аталган террордук уюмдун эмес, УКТнын мүчөлөрү экендигин жазышууда.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу