Укук тартиби

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
21/07 11:43
 

Айнура Токтошева: “Алиментти убагында төлөбөсө, кийин үч эселеп төлөйт же 2 жылга чейин эркинен ажыратылат”

Бишкек, 21-июль /Дайырбек Мейманов-Кабар/. “Алимент төлөө боюнча КРнын үй-бүлө кодексинде көрсөтүлгөндөй, 1 баласына атасынын же энесинин тапкан кирешесинин төрттөн бир бөлүгү, 2 баласы болсо үчтөн бир, ал эми 3төн ашык баласы болсо тапкан кирешесинин жарымынан көбү ай сайын төлөнөт”-деди “Кабар” агенттигине Жогорку соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева. Анын айтымында, алимент соттун чечими менен натуралай азык-түлүк менен да төлөнүшү мүмкүн. Таптакыр төлөбөй коюуга болбойт, анда сот жообуна тартылат. Мисалы, бир жыл боюу төлөбөй коё турган болсо, иши сотто каралып, чогулган акчасын үч эселеп төлөп берүүгө айып тагылат. Айып салынган сумманы төлөп бербей турган болсо, 2 жылга чейин эркиндигинен ажыратылат.

  “Алименттер жылдан жылга көбөйүп жатат. 2013-жылы соттун биринчи инстанциясына 6264 иш келип түшсө, анын 5948и каралган, алардын ичинен 4937сине чечим чыккан. 2014-жылы 6701 иш келип түшүп, 6326сы каралып, анын 5557сине чечим чыккан. Бул иштердин баары тең жарандык негизде каралгандар. Ал эми алиментти төлөбөй жүргөндөрдүкү КРнын үй-бүлө кодексининин 162-беренеси боюнча кылмыш иши катары каралат. 2013-жылы алимент төлөбөй качып жүргөн 116 адамга, ал эми 2014-жылы 138 адамга биринчи инстанциядагы соттун өкүмү чыккан. Соттун өкүмү боюнча бул жарандарга чогулуп калган сумманы үч эселеп төлөп берүүгө милдеттендирилген. Эгерде төлөп бербей турган болсо, 2 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Мыйзам чектеген алиментин бербегендердин бир тобун чет жерде жүргөн мигранттар түзөт”-деди ал.   “Республикабыздын ичинде жүрүп эле алиментти убагында төлөбөй жүргөндөр деле аз эмес. Балалуу болгон соң баланы камсыздандыруу аялбы, эркекпи, ар бир ата-эненин милдети. Шартка жараша энеси алимент төлөгөн учурлар да кездешет. Мыйзамды билбегендиктен кээ бир ата-энелер “иштебесем, кайдан алимент төлөйм” деп жүрө беришет. Бул туура эмес. Алиментти убагында төлөбөсө, кийин үч эселеп төлөп каларын, болбосо, 2 жылга чейин эркинен ажыратылаарын ар бир ата-эне билиши керек. Быйыл парламент алимент төлөөдөн качкан ата-энелердин карызынын өлчөмүн үч эселеп кайтарып алуу боюнча мыйзам долбоорун жактырганын алар эстеринен чыгарбашы керек”-деп кошумчалады Айнура Токтошева.   Эскерте кетсек, быйыл алимент үчүн издөөдө жүргөндөрдүн саны миңден ашкандыгы, мыйзам чектеген алиментин бербегендердин көбүн чет жерде жүргөн мигранттар түзөөрү, алимент төлөгөндөрдүн саны былтыркыдан да көбөйгөндүгү тууралуу Ички иштер министрлигинин маалыматы республикалык ЖМКларга жарыяланган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу