Укук тартиби

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
21/07 11:13
 

Президент А.Атамбаев ИИМдин атайын полктун жаңы мекемесинин ачылышына катышты

Бишкек, 21-июль /Салтанат Абдраева-Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын ички иштер министрлигинин атайын полкунун жаңы мекемесинин ачылышына катышты.
Мамлекет башчынын айтымында, атайын белгиленген полктун мекемесинин курулушу өткөн жылы башталган. “Сиздердин полкуңуздар мамлекеттүүлүктү бекемдөө максатында түзүлгөн жана бул өтө маанилүү. Биз кызматка миңден ашык кызматкерди кабыл алдык. Үстүбүздөгү жылдын март айынан баштап алардын айлык акысы 30%га чейин көтөрүлдү. Бул жаңы мекемеде иштөө үчүн бардык зарылдыктар бар. Аталган мекеме бардык керектүү шаймандар менен жабдылды”,-деди А.Атамбаев.
Ошондой эле, Президент атайын белгиленген полктун негизги милдети массалык акциялар учурунда реакция кылуу жана тартип менен камсыздоо болуп саналат деп белгиледи. “Сиздер ички иштердин элитасы болуп эсептелесиздер. Ар бир өлкөдө мыйзам барынан өйдө болуш керек”,-деди мамлекет башчысы.
ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган эки кабаттуу мекеме керектүү жабдыктар менен жабдылган. Жаңы мекемени долбоорлоо жана анын курулушу 2014-жылы декабрда башталган. Атайын белгиленген полктун административдик имаратында милициянын 600дөн ашык кызматкери иштейт. Мекеменин айланасына медпнукт, казармалык жай, душу менен спорттук зал, кичи футбол талаасы жана башкалар курулган. Курулушка жалпысынан 36 млн 600 миң сом сарпталды.
Ошол эле жерге куралдан коргонуу үчүн атайын жабдылган ИИМдин эксперттик-криминалдык борбору, ошондой эле колго жасалган куралдарды изилдөөдө милициянын кызматкерлери тарабынан колдонулуучу октун тездигин аныктоо үчүн багыт орнотулган. Азыркы учурда ИИМдин эксперттик-криминалдык борбору салттуу криминалдык экспертизаларды жүргүзхп жатат.
“Шумкар” атайын белгиленген полку 2014-жылы 17-январда түзүлгөн. бул бөлүмдү түзүүнүн негизги мотиви ИИМдин ички аскерлеринин Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын карамагына өтүүсү болгон, бирок АБПнын негизги милдети коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоо болуп саналат.
АБПнын негизги тапшырмасы – ар түрдүү массалык акцияларды өткөрүү учурунда коомдук тартипти сактоо.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу