Укук тартиби

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
18/07 12:46
 

Президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Бусурманкул Табалдиевди кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Бусурманкул Табалдиевди кабыл алды

 Бишкек, 18-июль /Кабар/. Бүгүн, 18-июлда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Бусурманкул Табалдиевди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмү билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчыга МУККтун учурдагы ишмердүүлүгү, ошондой эле өлкөдөгү ыкчам кырдаал тууралуу маалымат берилди.
Б. Табалдиев 2015-жылы 16-июлда Бишкек шаарында МУКК атайын тобу тарабынан эл аралык террордук уюмдун согушкерлерин жок кылуу боюнча жүргүзүлгөн атайын операция тууралуу маалымат берди. «Атайын операциянын жүрүшүндө 4 согушкер жок кылынып, 7 террорчу кармалып, аларга карата тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. МУККтун 4 кызматкери жарадар болуп, азыр алардын абалы канааттандырарлык. Чоң көлөмдөгү куралдар менен дарылар алынды», - деди Б. Табалдиев.
Президент Алмазбек Атамбаев МУККтун атайын операцияга катышкан жоокерлерин мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүүнү, ошондой эле жарадар болгондорго керектүү дарылар жана тиешелүү медициналык жардам берүүнү жеке көзөмөлүнө алууну тапшырып, бул максатка акча каражатын бөлдү.
Мамлекет башчы МУККтун террорчулук жана экстремизм менен күрөшүү, мындай кылмыштарды аныктоо жана мамлекет менен анын жарандарына каршы багытталган кылмыштарды аныктоонун, ооздуктоонун зарылчылыгын белгиледи.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу