Укук тартиби

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
15/07 12:22
 

Кыргызстанда “Халал” белгисин мыйзамсыз колдонуп жаткан компания аныкталды

Бишкек, 15-июль /Кабар/. Бишкекте товар каптамаларына халал индустриясын өнүктүрүү борборунун логотибин мыйзамсыз колдонуу фактысы катталды.

Халал-индустриясын өнүктүрүү кыргыз борборунан билдиргендей, “Асар-Груп” ЖЧК (суусундук өндүрүүчү) жана “Татым магиясы” пельмен каптамалары компаниялары тарабынан мыйзам бузуулар аныкталды.

Ушуга байланыштуу халал-индустриясын өнүктүрүү кыргыз борборунун логотибин мыйзамсыз колдонуу фактысы тууралуу билдирүүңүздөрдү жана маалыматтык кызматтардын операторлорунан тастыктамаланган халал-азыктарын тактоону өтүнөбүз. Борбордун логотиби (товардык белгиси) Кыргызстанда 2014-жылы 3-июлда катталган.

Эскерте кетсек, мындан мурун борбордо ата мекендик халал азыктарга байланыштуу калкка консультация берүү боюнча маалыматтык кызмат иштеп баштады.

Маалыматтык кызматтын телефондору: (0312) 89 14 90, (0555) 89 14 90, (0707) 66 68 81.

Эскерте кетсек, борбор 3 жылдан бери иштейт, ага жүзгө жакын халал-азыктарды өндүрүүчү компаниялар кирет.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу