Укук тартиби

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
09/07 16:35
 

Кыргыз-казак чек арасында ок-дарылары менен Казакстандын жараны кармалды

Кыргыз-казак чек арасында ок-дарылары менен Казакстандын жараны кармалды

Бишкек, 9-июль /Кабар/. Кыргызстандын чек арачылары кыргыз-казак чак арасынан ок-дарылары менен Казакстандын жаранын кармашты. Бул тууралуу КРнын мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

Белгиленгендей, 9-июлда мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак чек арасындагы “Токмок-унаа жолу” текшерип-өткөрүү пунктунда чек арачылар 9 мм калибрдеги 40 даана ок-дарыларды табышкан.

Ок-дарылар Казакстандын жаранына тиешелүү «Toyota Camry» маркасындагы унааны текшерүү учурунда табылган. Кармалган жаран Кыргызстандан Казакстанга өтүүгө аракет кылган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана ок-дарылар КРнын мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу