Укук тартиби

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
08/07 17:43
 

Ч. Осмонова: “Жаман жолго түшкөн кыздарды тарбиялаш керек, бирок мынчалык кордогон болбойт”

Бишкек, 8-июль /Эмилбек Момунов-Кабар/. Учурда чет мамлекеттерде, айрыкча Россияда иштеп жүргөн айрым кыргызстандык кыздардын арасында терс жолго түшүп кеткендери болушу мүмкүн. Бирок аларды ырайымсыздык менен уруп, сабап, жылаңач кылып видеого тартып, аны интернет-сайтка жарыялоо туура эмес. Бул кылмышты жасагандарды жигит деп атоого болбойт. Мындай пикирин “Кабар” агенттигине кечээ интернетке Россияда аёосуз сабалып, жылаңач түрдө интернетке жарыяланган кыргыз кызы тууралуу суроого жооп берип жатып Москвадагы Мигранттарды колдоо борборунун жетекчиси Чолпон Осмонова билдирди.

“Ооба мен да интернеттеги ал видеону көрүп, абдан жаман болдум. Ооба, жаман жолго түшүп бараткан кыздарга,карындаштарга тарбия бериш керек,бирок мындай жол менен эмес, ар бир адамдын аброюу, жеке жашоосуна шек келтирген болбойт. Андан көрө интернеттеги социалдык тармактарга минтип чыгарбай, түз эле ата -энесине бул видеону жиберсе туура болмок беле? Азыр Россияда иштеп жүргөн кыргыз кыздардын баары эле моралдык жактан бузулуп кетти дегенге ишенбеймин. “Кой аксагы менен жүз” демекчи, арасында анча-мынча андайлары да бардыр. Ошол эле учурда кыргыз жигиттер деле башка улуттагы кыздар менен жетелешип жүрүшөт. Аларды да кыздар сабап кириш керекпи?”,- деди ал.

Бул окуя боюнча КРнын ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сейитов видео тасма Россияда тартылганын тастыктап, иликтөө иштери башталганын билдирди. Азыр министрликтин Москвадагы өкүлчүлүгү тарабынан кызды кордогондорду издөө иштери жүрүп жатат.
“Бул окуяны биздин жетекчилик өз көзөмөлүнө алып, тиешелүү кызматтарга тапшырма берди. Учурда издөө, иликтөө иштери жүрүп жатат. Баткендик кызматкерлерибиз видеодогу кыздын сүрөтүн Бужум айылына алып барып, элден сураштырганда аны тааныгандар болгон эмес. Ал кыз Оштон болушу да мүмкүн. Учурда тактоо иштери жүрүп жатат. Аны кордогондор да изделүүдө”,- деди ал.

Кечээ, интернетте Россияда иштеп жүргөн кыргыз кыздардын бири “Патриот” деп аталган кыргыз жигиттеринин тобу тарабынан катуу сабалып, жылаңач денеси тартылган видео жарыяланган эле. Азыр коомчулук арасында бул окуянын тегерегинде ар кандай пикирлер айтылууда.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу