Укук тартиби

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
08/07 12:52
 

Ошто 8 миң сом талап кылган бала бакчанын кызматкери кармалды

Бишкек, 8-июль /Кабар/. Ошто баланы бала бакчага кабыл алуу үчүн 8 миң сом талап кылган бала бакчанын кызматкери кармалды. Бул тууралуу КРнын ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгына Ош облусунун жашоочусу кайрылып, бала бакчаларынын биринде баланы кабыл алууга пара алууга даттанган. Арыздануучунун айтымында бала бакчанын кызматкери анын баласын кабыл алууга 8 миң сом талап кылган.
Аталган факты боюнча Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан “Кызматкерлердин мыйзамсыз сыйлык алуусу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу