Укук тартиби

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
08/07 10:45
 

Чек арачылар газ тапанчасы бар Казакстандын жаранын кармашты

Бишкек, 8-июль /Кабар/. Кыргызстандын чек арачылары газ тапанчасы бар Казакстандын жаранын кармашты. Бул тууралуу КРнын мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

Кармалган казакстандык жаран “Ак-Жол-унаа жолу” текшерип өткөрүү пункту аркылуу Казакстандан Кыргызстанга өтүүгө аракет кылган. Анын унаасын текшерүүдө 4 огу менен газ тапанча табылган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран КРнын мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу