Укук тартиби

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
07/07 16:24
 

Ала-Бука районунун тургунун мыкаачылык менен өлтүргөн шектүү кармалды

Жалал-Абад, 7-июль /Анархан Жаңыбаева-Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 29-июнь күнү болжол менен саат 17.00 чамасында Ала-Бука районунун Ак-Коргон аймагынын Падек айылынын тургуну, 1932-жылы туулган Мутал Абдуразаков үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келбей калган. Бул тууралуу жакындарынан арыз түшүп, Ала-Бука РИИБнүн КККне дайынсыз жоголуу болуп катталып, РИИБнүн кызматкерлери тарабынан издөө иштери жүргүзүлө баштайт. Бул тууралуу ОИИБнын басма сөз кзматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, 3-июль күнү дайынсыз жоголгон М. Абдуразаковдун сөөгү Ак-Коргон айыл аймагынын Баястан айылындагы эгин талаанын күн батыш тарабынан табылган. Аталган факты боюнча ошол замат кылмыш иши козголуп, кечиктирилгис ыкчам-иликтөө иш-чаралары мерчемделип, кылмыштын бетин ачуу боюнча иштер башталат.

Ала-Бука районунун Баястан айылынын тургуну, 1996-жылы туулган мурун соттолгон Курбанов Базарали шектүү катары кармалды.
Азыркы учурда кылмышка шектүү адам өлтүргөнүн мойнуна алып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш иши тергелип жатат”, - деп билдирет басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу