Укук тартиби

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
03/07 10:42
 

МУКК: Пара алуу учурунда кармалган Балыкчы шаардык сотунун судьясына карата дагы бир кылмыш иши козголду

Бишкек, 3-июль /Кабар/. Мындан мурда пара алуу учурунда кармалган Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык сотунун судьясына карата дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу КРнын мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

КР МУККнын коррупцияга каршы кызматынын КРнын башкы прокуратурасы менен бирдикте сот тутумунда коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-изилдөө иш-чарасынын жүрүшүндө мындан мурун пара алуу учурунда кармалган Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык сотунун судьясы “Б.Б.”нын кызмат абалынан пайдаланган фактысы аныкталды.

Ага ылайык, 2015-жылы 18-июнда мындан мурун козголгон кылмыш ишинин алкагында Балыкчы шаардык сотунун судьясынын жардамчысы “Н.М.” нын иш бөлмөсүн текшерүүнүн жүрүшүндө 44 миң сом жана укук бузуучуларды жазалоо тууралуу жасалма административдик материалдар табылган.

Муну менен катар соттук отурум белгилүү акча каражатын бергендиги үчүн эркиндикте калтырылган укук бузуучулардын катышуусуз өткөндүгү жана алар соттук чечим тууралуу кабардар кылынбаганы белгилүү болду.

2015-жылы 30-июнда аталган факты боюнча коррупцияга каршы кызматынын материалдары боюнча КРнын башкы прокуратурасы тарабынан Балыкчы шаардык сотунун судьясы “Б.Б.” га карата КРнын Жазык кодексинин 304 жана 315-беренелеринде каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу