Укук тартиби

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
03/07 10:21
 

Балык чарбасы департаментинде салыктарды төлөө боюнча азайтуу фактысы аныкталды

Бишкек, 3-июль /Кабар/. КРнын айыл чарба жана мелиорация министрлигинин балык чарбасы департаментинде салыктарды төлөө боюнча азайтуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу КРнын экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Балык чарбасы департаменти ижарага берилген көлмөлөрдөн салык алган эмес. Белгиленген салык текшерүүсүнө ылайык төлөнбөгөн салыктын жана айып санкциясынын жалпы көлөмү 11 млн 216 миң сомду түзгөн. Төлөө суммасына кошуп эсептөө КРнын Эсеп палатасынын аудитордук текшерүүсүндө дагы бекитилген.

Аталган факты боюнча КРнын Өкмөтүнө караштуу ЭККМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан КРнын Жазык кодексинин 213-беренесинин 2-бөлүмүндө каралган кылмыш белгиси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу