Укук тартиби

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
02/07 15:44
 

Бишкек шаарында “Хизб ут-Тахрир” ДЧУнун мүчөлөрү кармалды

Бишкек, 2-июнь /Кабар/. Бишкек шаарында “Хизб ут-Тахрир” диний-чагымчыл уюмунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу шаардык ИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

21-28-июнь аралыгында Бишкек шаарынын аймагында диний-чагымчыл жана террористтик көрүнүштөргө каршы аракет көрүү максатында Бишкек шаардык ИИББНын 10-башкармалыгы тарабынан ыкчам-изилдөө жана “Экстремист” аттуу алдын алуу иш-чарасы жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө борбор шаардын аймагында Кыргызстандын аймагында тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” диний-чагымчыл уюмунун идеяларын камтыган материалдарды жайылтуу боюнча 7 факт аныкталды. “Хизб ут-Тахрир” ДЧУнун 2 уячасынын бети ачылды. Аталган уюмдун идеясын тараткан 169 материал табылды, алар: ноутбук, процессор, кол телефон, флешкарталар, дисктер, китеп, брошюралар, жазуулары менен дептерлер жана арапча жазуусу бар барактар.

Алынган материалдар мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине өткөрүлүп берилди. Тергөө иштери жүргүзүлөт.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу