Укук тартиби

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
26/04 10:13
 

Бишкектик Настя 6 айлык кызын таластык аялга 20 миң сомго саткан

Бишкек, 26-апрель /Кабар/. Бишкектик 17 жаштагы Настя 6 айлык кызын таластык Айнаш аттуу аялга 20 миң сомго сатып жибрген. Бул туурасында ШИИБнин басма сөз кызматы маалымдады.
Белгилүү болгондой, 14-мартта Октябрь РИИБине кароосуз балдардын реаблитациялык борборунун кызматкери кайрылып, 17 жаштагы Настя кызын кимдир бирөөлөргө 20 миң сомго сатып жибергендигин кабарлаган.
Иликтөө иштеринин натыйжасында Настя коммерциялык маанайда кызмат көрсөткөн начар жүрүш-туруштагы айым экендиги, чакырыктарга кеткенде баласын чогуу иштешкен курбуларына таштай тургандыгы аныкталган. Ал тааныштарына баланын кереги жоктугун, жашаганга тоскоол болуп жаткандыгын айтып жүргөн жана анын курбулары Гүлиза менен Наргиза өз тааныштары аркылуу Талас облусунун тургуну Айнашты таап, 24-мартта ага 20 миң сомго баланы сатышкан.
Кызын саткан акчага Настя эртеси, 25-мартта өзүнүн туулган күнүн өткөрүп, соода борборуна барып кийинип, кечинде борбордогу түнкү жайлардын биринде көңүл ачкан.
Милиция кызматкерлери кыздын кайсыл жерде экенин аныкташкан соң сатып алуучулардын артынан барышкан. Алгач Айнаштын күйөөсү каршылык көрсөтүп, бирок, ишитин жайын түшүнгөндөн соң кичинекей кызды кайтарып беришкен.
Учурда бул факты боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу