Укук тартиби

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
22/04 13:00
 

Россияда кыргыздарды тоногон кыргыздар көбөйүүдө

Бишкек, 22-апрель /Эмилбек Момунов - Кабар/. Россияда, өзгөчө Москва шаары менен облусунда иштеп жүргөн кыргыз мигранттарын белгисиз уюшкан топ тоноп, маянасынын 40%га жакынын тартып алууда. Бул тууралуу жакында Москвадан келген, аты-жөнүн атагысы келбеген жердешибиз билдирди.

Анын айтуусунда, Москвада кыргыз эмгек мигранттарын тоногондор кыргыз эле улутундагылар. Алар метролорго кире берген же чыга турган жайларга туруп алышып, жумуштан кайткан кыргыз кыз жана эркек мигранттарын алдап четке чыгарышкан соң маянасынын 40%ын ыктыярдуу түрдө берүүгө мажбурлашат. Эгер бул талап аткарылбаса, уруп-сабап, ар кандай коркутуп-үркүтүүлөр болот. 

“Былтыркы жылы Москвада кыргыздарды тоногон кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган соң, алардын аягы тыйылды го деп ойлогонбуз, бирок андай болбой эле, кайра күч алууда. Рэкетчилик менен алектенгендер кыргыз мигранттарынын иштеген, жашаган жерине жана канча маяна алганына чейин билишет. Ошондуктан алардан качып кутулууга мүмкүн эмес. Ал тургай жергиликтүү милиция кызматкерлерине кайрылуудан да коркобуз”,- деди атын атагысы келбеген мигрант.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу